Төрага: Азыр сезилбей жатса керек, бирок бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга баа берилет

    Мезгил

 Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков  Парламентаризм күнүнө карата  сүйлөп жатып “бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга баа берилет” деген оюн айтты.

“VI чакырылыш элдин элегинен өтүп келип, бүгүнкү күндө парламентте 6 фракция элге кызмат кылып келебиз. Арийне, бул жерге элдин добушун алып келиш оңой нерсе эмес. Анын баары мыйзам менен камтылып, элге берген убадаларды аткарабыз деп вазыйпабызды аткарып келебиз. Бул чакырылыштын депутаттары эбегейсиз чоң иштерди жасады деп айтсам жаңылышпайм. Анын ичинде мамлекеттик, социалдык багытка иштеген жакшы мыйзамдарды кабыл алып бердик. Коррупция менен күрөшүүдө, саясий чечим чыгарган токтом долбоорлоруна колдооңуздарды билдирдиңиздер. Бул да болсо мамлекеттин өнүгүшүнө чоң салым кошту. Биздин кабыл алган мыйзамдар, жасаган иштерибиз бүгүнкү күндө сезилбей жатса керек, бирок бир күн келет, биздин жасаган кадамдарга баа берилет”- деди Жумабеков.

 Муну менен катар эле алтынчы чакырылыштын иши да түрдүү чакырыктар менен коштолгонун жана  бир катар оор маселелер каралганын кошумчалады. 

  -Биргелешкен аракетибиздин арты менен көп жылдан бери аткарылбай келген ар кандай долбоорлорду ишке ашырдык. Калкты социалдык абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлору кабыл алынып, жогорку кызматтагы адамдардын катышуусунда жасалган ири коррупциялык иштердин бети ачылды-дейт төрага.   

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *