Төрага Дастан Жумабеков жергиликтүү кеңешке депутат болуу үчүн жогорку билими болушу керек дегенге каршы

  Мезгил

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков жергиликтүү кеңешке депутат болуу үчүн жогорку билимдин кереги жок деген оюн айтты.  

Жергиликтүү Кеңешке депутат болуш үчүн жогорку билим керекпи керек эмеспи. Акылбек Үсөнбекович сиздин мыйзамда каралганбы, каралган эмеспи.

-Мен буга каршымын. Жергиликтүү кеңешке жогорку билим деген өтө оор болуп калат. Анткени айыл жергесине жергиликтүү кеңешке депутат болуш үчүн жогорку билимдүү болушу керек деген талап кереги деле жок. Себеби,  айылда жашаган жигиттердин, кыздардын, эже-агалардын жогорку билими барлардын баары шаарда башка жакта жүрөт. Айылда тың чыккан мыкты фермер,   же  айдоочу болсо балким айылдагы коомдук ишмер болобу  алар эмне үчүн айылдык кеңешке депутат боло албаш керек. Биз эмне үчүн анын укуктарын тебелешибиз керек-деди төрага.

Ал эми демилгечилердин бири  Акылбек Жапаров бул мыйзамда каралганын айтты.

-Бул мыйзамда каралган. Биз башында эле жогорку билими менен болсун деп сунуштаганбыз. Бирок биз сунуштап киргизген мыйзамдан кийин 2018-жылдан бери бир топ убакыт өтүп кетти. Ошону менен бирге шайлоо кодексине да өзгөртүүлөр кирип бул норма бүгүнку күндө иштей баштады. БШКнын төрайымы балким тактап берет- деди Жапаров.

 Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайылдабекова жогорку билими болуш керек деген сунуш өтпөгөндүгүн айтты.

  -Дискуссиянын негизинде жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар талапкерлер катталса болот деген талапты киргизгенбиз.  Жогорку билим боюнча сунуш өткөн жок болчу-деди Шайылдабекова.  

Булак: Мезгил ньюс 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *