Төрага Дастанбек Жумабеков Нур-Султанда орусчадан “онтолоп” (видео)

    Мезгил

Кечээ, 24-сентябрда Жогорку Кеӊештин  төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна катышып, анын жүрүшүндө сөз сүйлөдү.

Анда орусча текст окуп жатып сөздөргө тили келбей бир топ эле кара терге түшүптүр.   

Отурумдун катышуучуларын да жадатып жибергенби айтор, айрымдары телефон чукулашса, кээбирлери бири-бири менен сүйлөшүп олтурганын көрүүгө болот.

Эмне дейбиз эми ошондой чоң иш чара болуп жатандан кийин, дурус эле даярданып алса болмок экен. Ал жер Жогорку Кеңештегидей кнопка басып коюп эле отура бергидей жер эмес да. 

Белгилей кетсек, Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумуна 65 өлкөнүн делегациялары катышууда, анын ичинде 41 делегацияны спикерлер жетектеп барган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *