Төрага депутаттарды Кыргызстан менен Япониянын беттешин көрүп келүүгө чакырды

Мезгил

Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастан Жумабеков депутаттарды бүгүнкү боло турган футбол боюнча Кыргызстан менен Япониянын беттешин көрүп келүүгө чакырды.  

 -Бүгүн Бишкек шаарындагы Спартак стадиондо боло турган Кыргызстан менен Япония курамасынын футбол беттешүүсү болот. 2022-жылы болот турган Катардагы дүйнө чемпионатына жолдомого ат салышат. Ошондуктан сиздердин атыңыздардан, өкмөттүн атынан бүгүнкү биздин курама командабызга, футболчуларыбызга ийгилик каалап, алардын жеңишке жетишине күч кубат дем берип койсок. Бүгүн футболчуларыбыз утуп, бизди абдан кубандырат деп ойлойм. Албетте Япония командасы Азиядагы эң күчтүү командалардын бири. Бирок ага карабай биздин курама командабызда күчтүү. Убактыңыздар болсо барып беттешти көрсөңүздөр деп айтат элем- деди спикер.

Белгилей кетсек, бүгүн 14-ноябрда Кыргызстан менен Япониянын футбол боюнча курамалары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо 17:15те  беттешет. 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *