Төрага министрдин орун басарына: Бизди кулакка тээп, лапшаны илип, кете турган абалдан чыгыңыздар!

Мезгил

 Жогорку Кеңештин төрагасы  Дастанбек  Жумабеков айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиевди Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында катуу сынга алды.

 Спикер “Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралып жатканда алар эч бир суроого даяр эместигин айтып,  карапайым  элге тушүнүктүү кылып жооп берүүнү талап кылды.

-Айылда мал баакан элдер сиздин юридикалык терминдер менен айткандарыңызды түшүнбөйт. Жөнөкөй, түшүнүктүү кылып жооп бербейсиңерби.  Депутаттар эл менен жолугушууга барганда ушуну сурайт. Күнү-түнү болсо да даярданбайсыңарбы? Силер бул жерге  бизди кулакка тээп, лапшаны илип,  кете турган абалдан кетиңиздер!-деди төрага. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *