Төрагалар кеңеши: Кемчиликтерибизди чогуу жоюп, укуктук жана демократиялык коомду куралы

Мезгил

Кыргызстанда мурдагы спикерлердин кеңеши  өлкөдөгү акыркы саясий кырдаал боюнча билдирүү таратты. Анда парламенттин мурдагы төрагалары Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдун ысымдары жазылган. Биз ал кайрылуунун толук текстин редакциялоосуз сунуштайбыз.

 КАЙРЫЛУУ

Учурдагы саясый окуялар коомубузда тынчсызданууну жаратууда. Анын эң негизги себептеринин бири республикадагы коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш болуп саналат.

Шайлоодо эл тарабынан шайланган президент С.Ш. Жээнбеков элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, досу жана экс-президент А.Ш. Атамбаевдин кызыкчылыгын колдобой койду.

А.Ш. Атамбаевдин өтө куулук менен жасаган жана мурдатан ойлонулган максаттары, элге каршы болгон саясаты: тил алчаак президентти алып келип, күнкарама Өкмөттү дайындап, диванда жатып алып өзүм башкарам деген кыялдары таш капты. Мамлекеттеги коррупцияга аяосуз жүргүзүлүп жаткан күрөштө А.Ш. Атамбаев тарабынан жүргүзүлгөн кылмыштуу аракеттеринин бети ачыкталды.

КР ЖК тарабынан мурдагы президенттин кол тийбестигинин алынышы менен Башкы прокуратурага тергөө иштерин баштоого мүмкүнчүлүк берди. А. Ш. Атамбаев “Мыйзам алдында баардыгы бирдей жооптуу, уурунун орду түрмөдө” деп айтып жүргөн пикирин анын өзүнө тийиштүү эместей кабыл алганын бүгүн турмуш айкындап көрсөтүүдө.

Ал мыйзамдан жогору турбайт, өзүнүн актыгын тергөө жана сот органдарынын алдында далилдеши керек.

Анын кошуна мамлекеттердин жетекчилери тууралуу айткан жагымсыз пикирлери, учурдагы парламентти мыскылдап, учурдагы президентти шылдыңга алып, коррупционерлерди коргоп, өзүнүн жеке кылмыш аракеттерин жаап-жашыруу аракети анын билимсиздигин, адамдык сапатынын төмөндүгүн ачыктап, а түгүл тез арада психиатриялык жактан жардамга муктаж адамдай байкалууда.

Албетте, өлкөнүн экономикасында жана кадр саясатында маселелер арбын. Алардын басымдуусу А. Ш. Атамбаевдин тушунда тереңдеген. Бүгүн бажыдагы, жолдор курулушундагы, бюджеттик каражаттардагы, гранттарды колдонуудагы, кредиттик төлөмдөрдөгү, курулуш иштериндеги, энергетикадагы, тоо-кен тармагындагы жана башка Республиканын эл чарбасындагы коррупциялык схемаларды так аныктоо зарыл. Бул иштер жасалууда, ошентсе да жетишсиздик кылууда.

Кадрларды тандоо жана дайындоо аймактык принципке негизделбеши керек. Жетекчилик орундарга жердигине, улутуна жана дин ишенимдерине карабай, абийирдүү, билимдүү жана компетенттүү адамдар келиши керек.

Кыргыз Республикасында аймактык-административдик түзүлүштү реформалоо, чек ара, мектептен баштап ЖОЖдордогу маселелерди чечүү талап кылынууда.

Жалпы элдик референдум аркылуу элге президенттик же парламенттик башкарууну тандап алуу укугун берип, андан кийин гана Конституциялык реформа жүргүзүүнү баштоо абзел.

Качкын президенттер, айрым Өкмөт башчылары көптөгөн кылмыштарды жасашты. Учурдагы депутаттык корпустун, Өкмөттүн, укук коргоо органдарынын жана соттордун иш-аракеттери чабал. Прокуратура тармагынын, ИИМдин, УКМКнын, финансы полициясынын кызматкерлери жана соттор өздөрүнүн мыйзамсыз жана укук тебелеген иш-аракеттери үчүн тиешелүү жоопкерчиликти тартпай калышууда.

Бүгүнкү күндө мындай оор жүктөрдөн арылып, элдин жана мамлекеттин өнүгүүсү үчүн аракет кылуу зарыл.

Бул билдирүу аркылуу биз мамлекеттин бардык жашоочуларын улутуна жана динине карабай, жаштарды, интеллигенцияны кырдаалды туура түшүнүп, чагымга, жалган убадаларга жана ураандарга ишенбөөгө чакырабыз. Бизди бир гана ажайып Мекенибиз -Кыргызстан бириктирип турат. Түштүк менен түндүккө, мамлекетти уруулук жана коктулук жактан бөлүүнүбүзгө жол жок. Мыйзам алдында бардыгы бирдей жана ар бир адам жасаган кылмышына жооп берүүгө тийиш.

Биз төмөндө кол койгондор, бардыгыбыз ар башкабыз, бирок кыйын мезгилде биргебиз, ошондой эле өз кемчиликтерибизди да моюнга алабыз. Келиңиздер, кемчиликтерибизди чогуу жоюп, укуктук жана демократиялык коомду куралы.

Терең урматтоо менен: Төрагалар кеңешинин мүчөлөрү

Шеримкулов Медеткан Шеримкулович

Матубраимов Алмамбет Матубраимович

Чолпонбаев Мукар Шалтакович

Эркебаев Абдыганы Эркебаевич

Бөрүбаев Алтай Асылканович

Мукашев Муратбек Осмоналиевич

Султанов Марат Абдыразакович

Тагаев Айтибай Султанович

Курманов Зайнидин Карпекович

Масалиев Исхак Абсаматович

Келдибеков Ахматбек Келдибекович

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *