Төрагалар кеңеши: Ыр сүйгѳн тѳрага жылдыздуу жээкти издеп кеттиби?

Мезгил

Белгилүү коомдук-саясий ишмерЖогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин  дүйнөдөн кайтканына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Спикерлер кеңеши маркумдун жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтышты. 

Өлкөнүн коомчулугу орду толгус чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү коомдук – саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, акын, илимпоз жана ишкер Турсунбеков Чыныбай Акунович 60 жаш курагында дүйнө салды. Маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңешинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешенин мурдагы төрагасы Турсунбеков Чыныбай Акунович 1960-жылы 15-октябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) кыргыз филология жана журналистика факультетин аяктаган соң 1983-жылдан 1985-жылга чейин «Кыргызстан» басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштеген.

1985-1988-жылдар аралыгында Кыргыз улуттук илимдер академиясынын аспирантурасында окуп, 1988-жылы филология илимдери жаатында кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган.

1989-жылдан 1992-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде жаштарга дарс окуган жана декандын орун басары болгон.

1993-1994-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Түркиядагы өкүлү, 1995-1997-жылга чейин ТИКА кызматкери, «Манас-1000» Мамлекеттик комитетине караштуу Түркиядагы «Манас дастаны» филиалынын директору кызматтын аркалаган.

1993-1996-жылдары «Азаттык» үналгысынын Түркия боюнча сырт кабарчысы да болуп, кыргыз-түрк алакалары, Түркиядагы кыргыз диаспорасы тууралуу берүүлөрдү обого чыгарып турган.

1997-жылы ал Кыргызстанга кайтып келип, «Акун» фирмасын негиздеп, «Акун» фирмалар тобун жетектеген. Ошондой эле Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалаган.

2002-жылы Бишкек шаарындагы Дипломатиялык академияны артыкчылык диплому менен аяктаган.

Чыныбай Акунович 2005- жана 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптарды колдогон, базар экономикасынын, эркин басма сөздүн өнүктүрүлүшүнө тилектеш болгон коомдук ишмер эле.

Ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V, VI чакырылышынын депутаты болгон. КСДП парламенттик фракциясынын лидери катары бир нече жыл иш алып барган. 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасынын кызматын аркалаган.

Эл аралык Ч.Айтматов Академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты, СССР Жазуучулар союзунун, СССР Журналисттер союзунун мүчөсү – Чыныбай Акунович «Жүрөктөгү жаңырык», “Шаарда жоголгон сөз», “Жалын тоо” ыр жыйнагынын автору эле. Ошондой эле ал үч тилде чыккан «Манас» эпосу боюнча кооздолуп чыгарылган альбомдун түзүүчүсү жана котормочусу. 

Ал андан тышкары орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле Түрк Тил курумунун тапшырмасы менен «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон. 2003-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Чыныбай Акуновичтин өмүрү жана эмгек жолу — принципиалдуулуктун, мекенчилдиктин, кажыбас эрктүүлүктүн жана күжүрмөн мээнеткечтиктин үлгүсү. Ал ишенимдүү кесиптеш, даанышман жетекчи, боорукер жана жоопкерчиликтүү инсан болчу. Турмуштук тажрыйбасынын молдугу, акылмандыгы, кесипкөйлүгү менен айырмаланып турчу.

Маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагалар кеңеши:

Ш.Шеримкулов

А.М.Матубраимов

А.Э.Эркебаев

А.А.Бѳрүбаев

И.Д.Кадырбеков

М.О.Мукашев

М.А.Султанов

А.С.Тагаев

З.К.Курманов

И.А.Масалиев

А.К.Келдибеков

А.Ш.Жээнбеков

Д.А.Жумабеков

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *