Карыбек Ибраев депутаттардын суроолоруна телефонду карап жооп береби? (фото)

   Мезгил

 Учурда Жогорку Кеңеште “Жерди пайдалануу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралууда.

Жыйынга  аталган тармактын  өкүлдөрү келип депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Ал эми депутат Зиядин Жамалдинов суроо берип жаткан учурда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары  Карыбек  Ибраев уюлдук телефонун “чукулап”  айтор суроолорго жооп издеп жатты өңдөнөт.

Ал чөнтөк телефонунан маалымат издеп аны кагазга көчүрүп жатканы одоно көрүндү.  Ибраев Жогорку Кеңешке келээрдин алдында суроолорго жакшылап даярданып алса болмок экен.

  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *