Түркия биздин жарандарга эмгек визаларын арзандатты

Мезгил

Бүгүнтөн тарта  Түркия биздин жарандарга эмгек визаларын арзандатты. Бул тууралуу Тышкы иштер министринен билдиришти. 

Маалым болгондой, тиешелүү макулдашуу  каралды.

Эми кыргызстандыктар Түркияда эмгек визасын болгону 30 долларга алышат.

Ушундай эле баа биздин республикада иштегиси келген аталган өлкөнүн жарандары үчүн орнотулду.

Эске салсак, буга чейин Түркияда эмгек визасы 283 долларга барабар болчу.

Мындан тышкары, 3 айдан ашык убакыт жүргөн кыргызстандыктар каттоого турууда төлөмдөн бошотулду.

Ал эми диний же билим берүү жаатында Түркияга келген жарандар дегеле эмгекке уруксаат албай эле койсо болот.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *