Түркия: Измирдеги жер титирөөдөн 12 адам каза болсо, 400дөн ашуун адам жабыркады

   Мезгил

Түркиянын батыш тарабындагы кубаттуу зилзаладан Измир шаарында бери дегенде 12 кишиказа болсо 400дөн ашуун  адам жаракат алды.  Алардын бири сууга чөгүп кеткенин «Associated Press» маалымат агенттиги Түркиянын Кырсыктарды жана чукул кырдаалды тескөө башкармалыгына шилтеме кылып кабарлады.  

АКШнын Геологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, 30-октябрдагы силкинүүнүн магнитудалык күчү жети баллга чукулдады. Жер титирөөнүн очогу Эгей деңизинде жайгашканы кабарланды. Измир шаарында бир топ имарат кыйрап калды. Сеферихисар аймагында чакан цунами болду.

Мындан тышкары зилзала Стамбул, Бурса сыяктуу ири шаарларда гана эмес, Грекиянын аралдарында да сезилди. Маселен Самос аралында кеминде төрт адам жаракат алып, цунами болушу мүмкүн деген эскертүү берилди.

Түрк-грек бийлиги жер титирөө болгон аймактарда куткаруу иштери уланып жатканын билдирди.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *