Түркия Кыргызстан менен аба каттамдарын үзгүлтүксүз жүргүзмөй болду

    Мезгил

Кыргызстанга  Түркия макулдугун берди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев  билдирди.

“Бул каттамдар менен Кыргызстандан Түркия жарандары гана учуп кете алышат, ал эми Стамбулдан болсо биздин жарандар гана учуп келишет. Бул аптасына эки жолу жүргүзүлүүчү чартердик каттамдар. Биздин чек аралар март айында жабылган. Ал ачылмайынча биз туруктуу авиа байланышты жанданта албайбыз. Түркия макулдук берген, чек аралар ачылары менен биз туруктуу каттамдарды жандантабыз”, – дейт ал.

 Акышев белгилегендей, сентябрдан тартып биздин өлкө төрт мамлекет менен аба жолдорун ачууга даяр.

Ал эми учурда чет жердеги мекендештер үчүн чартердик каттамдар тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *