Түркия: Жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 76га жетсе, 962 адам жабыркады

  Мезгил

Түркиянын батышындагы жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 76га жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.  

Маалымдалгандай, жер титирөөдөн каза болгондордун саны 76га жетсе, жабыркагандардын саны 962 адамды түздү. Буга чейин 73 адам каза болуп, 961 адам жаракат алганы кабарланган.

Белгилей кетсек, 30-октябрда Түркиядагы күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчүн 6,9 балл деп баалашкан.

Жер титирөөдөн Измирде кеминде 20 имараттын кулагандыгы кабарланды.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *