Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 19га жетти

  Мезгил

Түркиядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 19га  жетти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. 

Маалым болгондой, Түркиянын  чыгыш бөлүгүндө Малатья жана Эльязыгдагы зилзаладан каза тапкандардын саны 19 га жетти.  Дагы 1015 адам ар кандай жараат алышты. 

 Эскерте кетсек, 24-январь күнү Турциянын Малатья жана Эльязыг аймагында күчү 6,8 балга жеткен жер титирөө болгон. Сейсмологдор билдиргендей, Түркияда болгон жер титирөө Ирак жана Сирия, Израилге чейин сезилген. Түркиянын  өзгөчө кырдаалдар агенттиги кырсык болгон аймакта 493 куткаруучу топтор иштеп жаткандыгын билдирди. Анын 28и Түркия өлкөсүнөн экендигин айтышты.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *