Факрие Эвджен көп кыздардын жашын агызган Бурак Өзчивиттин жүрөгүн кантип багындырган?

Мезгил

Түркиянын сулуу ажарлуу айымы, актрисса Фахрие Эвджен 1986-жылы Германиянын Золинген шаарында төрөлгөн. Өзүнөн уулу үч эжеси бар өзү үйдүн кичүүсү. Фахрие мектепти бүтүп, Дюссельдор университетине социология бөлүмүн аяктаган. Эвджен актриса болууну кыялданган да эмес. Азыр дагы бош убактысында социология жана философия жөнүндө китептерди көп окуйт.

Фахрие испан, немис, англис жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Өспүрүм кезинде спорт менен алектенип, баскетбол  командасында коргоочу болгон.

Чыгармачылык жолу…

2005-жылы Фахрие апасы менен Стамбулга эс алганы келгенде киностудиянын өкүлдөрү кызды капысынан көрүп аны “ Никогда не забывай” сериалына тартуулуга чакырышат. Аталган сериалга тартылуу үчүн Германиядан Түркияга атайын көчүп келет.  Ошондон кийин биринчи актриссалык тушоосу кесилет. Бул сериалга тартылгандан соң популярдуу “Листопад” сериалына төрт жыл тартылат. Андан кийин “Ты, мой дом” тасмасында роль жаратып, ал жерден актер  Озджан Дениз менен таанышат. Аталган фильмге тартылгандан кийин экөө бири-бирин жактырышып баш кошушат бирок көпкө узабай 2013-жылы эки айрым жолго түшүшөт. Эки башка жолго түшүшү актер Озджан Бусе Нарджи аттуу модель кыз менен жүрүп кеткени себеп болгон.

Кийинчирээк “Королек-птичка певчая” сериалына Түркиялык модель жана актер Бурак Озчивит менен чогуу сүйүүшкөндөрдүн ролун аткарышып жүрүп, чынында эле экөө бири-бирин жактырышып калышат. Бирок ал учурда Бурак модель Джейлан Чапо менен мамиледе болгондуктан Факрие үчүн аны таштаноону каалаган эмес. Ал кезде да Фахрие  мурунку жолдошу актер Озджан менен эки айрым жолго түшкөндөн кийин депрессияда жүргөн.

 Аталган сериал тартылуу иштери бүткөндөн кийин Бурак “Любовь похожа на тебя” атту сериалына продюссерлик милдетин алат. Ошондо Факрие Эвдженди башкы ролго чогуу тартуулуну сунуш кылат. Аталган тасмадан кийин экөөнүн ортосундагы жаралган сезимдерин эмоцияларын жашыра албай, сериалдын тартуу иши аяктаганда ачылыш аземине чогуу кол кармашып күйөрмандарын таң калтырышкан. Ошондон кийин экөө мамилелерин ачыкка чыгарышып, 2016-жылы декабрьда Германияда досторунун арасында Бурак өзүнүн өздүк майрамында сүйүктүүсү Фахрие Эвджендин колун сураган.

Ал эми, 2017-жылы июнда баш кошушат. Эки жаштын тоюна жалпы 75 000 евро кеткен жана үлпөт тоюна 500дөй адам катышкан. Тойдон кийин бал айларын Мальдив аралында эс алып өткөрүшкөн. 

Жыл айланбай 2018-жылы 32 жаштагы Фахрие Эвджен 13-апрелде  3,67 салмактагы уулду жарыкка алып келет. Ошол убакта Бура Өзчивит сүйүктүү жубайынын жанында болгон.

Эвдженге кино тасмаларга сериалдарга, кыска ролик жарнамаларга тартылуу үчүн көп сунуш түшөт. “Расплата за рабство” сериалында Фахрие Эвджен  Энгин Акьюрек менен  Сарп Левендоглу актерлору менен биргеликте роль ойнойт. Анда коллегаларынын арасынан бир серия үчүн 40 миң түрк лира гонорар алып турган. Ошондой эле “Бесконечная любовь”, ” До самой смерти”, “Команда на пути Аллаха” жана башка көптөгөн сериалдарда башкы каармандын ролун жараткан.

Булак:Мезгил ньюс

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *