Түрк элчиси Женгиз Камил Фырат төрага Дастан Жумабековду Түркияга чакырды

Мезгил

Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелери көтөрүлдү.

Андан тышкары, акыркы жылдары  парламенттер аралык кызматташтыкка да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айткан Дастанбек Жумабеков: “Коюлган пландарды ишке ашырууда парламенттердин колдоосу өтө зарыл. Андыктан, бул жаатта да калыптанган достук алакаларды өнүктүрүшүбүз керек”, – деп билдирди.

Ошондой эле маданий байланыштардын алкагындагы иштер ийгиликтүү жүрүп жатканын белгилеген Төрага, быйыл жайында өтүүчү Бүткүл Дүйнөлүк IV Көчмөндөр оюнун Түркия Республикасы жогорку деңгээлде өткөрөрүнө ишеним артарын кошумчалады. 

Өз кезегинде, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат эки өлкө ортосундагы айрым маселелерге токтолуп, анын ичинен соода, билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл чарба тармактарындагы алакалардын учурдагы абалы тууралуу маалымат берди.

Муну менен катар жолугушууда элчи Женгиз Камил Фырат Төрага Дастанбек Жумабековду Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырып, Түркия Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасынын да Бишкекке иш сапарын уюштурууга болорун кошумчалады.

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *