Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы элчисинин кадамын колдойт

  Мезгил

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фыраттын муфтият тарабынан уюштурулган ооз ачардагы кадамын колдоого алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат катчысы Хами Аксойдун билдирүүсүндө айтылат.

Хами Аксой Женгиз Камил Фырат ооз ачарда ФЕТОнун мүчөсүн көрүп, туура жана калыс реакция жасаган.  

«ФЕТО менен күрөшүү — бул биздин негизги жана башкы милдеттерибиздин бири. Биз ФЕТОнун террористеринин коопсуздукка коркунучу боюнча чет өлкөдөгү өкүлдөрүбүзгө дайым айтып келебиз», — дейт Хами Аксой.

Түркиянын тышкы иштер министрлиги  расмий өкүлдөрүнөн гана эмес, башка уюмдарынан дагы ФЕТО маселесине этият мамилени күтөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, буга чейин  интернетте Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фыраттын мусулмандар дин башкармалыгына “мени террорчу менен бир дасторконго отургуздуңар” деп нааразы болуп жаткан видеосу тараган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *