Төрт тилде эркин сүйлөчү. Садыр Жапаровдун каза болгон уулу тууралуу

   Мезгил

 Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты учурда  камактагы Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан   27 жашында жол кырсыгынан каза болду.  Каргашалуу окуя 22-августта болгон. Маалыматка ылайык ал ооруканага өткөн бейшемби күнү түшкөн. Дастан  мотоцикл менен келе жатып авария болгону айтылууда. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга канчалык аракет кылгандары менен тилеккке каршы ал бүгүн түштөн кийин үзүлгөн.

Бир нече күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө болчу. 12 кабыргасы сынып, өпкөсүнө кирип кеткен экен. Сан сөөгү, жамбаш сөөгү, кашка жилиги сынып, терисин тешип, өз нугунан чыгып кеткен. Кан көп кетиптир. Ачык жаракат деп сыпатталды”, — деди сөөк дарыгери.

Дастан Садыр уулу 1992-жылы туулган. Ал  4 бир туугандын улуусу, Рустам жана Нурдөөлөт деген 2 иниси жана Жанайым аттуу карындашы бар.  

Дастан Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Ошондой эле   Пекиндеги университеттен кытай тилин эки жарым жыл үйрөнгөн. Андан кийин Кыргыз-Орус Славян университетинин юридикалык факультетинде билим алган. Ал кыргыз,  орус, англис, кытай тилинде эркин сүйлөчү. Ал Куралдуу күчтөрдүн курамындагы Улуттук Гвардияда кызмат өтөгөн.     

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *