Таалайбек Чокогулов: “47 жылдан бери эс алуу, майрам дегенди билбей иштейм”

Мезгил

Таалайбек Чокогулов, Нарын-Үч-Терек гидропостунун байкоочусу: “Быйыл ГЭСтердеги суунун көлөмү нормадан кем болот” 

Көмүскөдө көкүрөк кагып мактанбай эл үчүн, мекен үчүн жанын аябай иштеген инсандарыбыз көп. Алардын бири Нарын-Үч-Терек гидропостунун байкоочусу Таалайбек Чокогулов бүгүн биздин маек-төрүбүздүн мейманы болду. 

— Таалайбек мырза, бул тармакта  эмгектенгениңизге канча жыл болду?

— 1973-жылы онунчу классты бүтүп Бишкектеги Техникалык училищадан гидрометеоролог кесиби боюнча билим алгам. Ошондон бери ушул күнгө чейин Нарын-Үч-Терек гидропосттунда гидрометеоролог болуп эмгектенип келе жатам. Быйыл буюрса, гидрометеоролог болуп иштегениме 47 жыл болот. Кичинекей чагымда кинолордон шпиондорду көрүп, радист болом деп көп кыялданчумун. Тилегим орундалып гидролог болуп чыктым.

— Аба ырайынын туруксуздугу көбүнчө жылдын кайсы мезгилдеринде байкалат?

— Жаз, күз мезгилдеринде аба ырайы туруксуз келет дагы, кышкы чилде менен жайкы саратанда өзүнүн мыйзамын аткарат. Биздин негизги милдетибиз суунун агымын ченөө. Башкача айтканда, Нарын дарыясынан Токтогул суу сактагычына секундасына канча суу кирип жатканын ченейбиз. Дарыядан эң жогоркусу 2000 куб метрге чейин, ал эми эң азы 120 куб метрге чейин кирет. Суунун болжолун сводка ирээтинде борбор калаадагы башкы кеңсеге тагыраагы, кийинки иштетүүгө, талдоого жөнөтөбүз.

Биздин төмөн жагыбызда Токтогул суу сактагычы турат. Анын проект көлөмү 19 жарым миллиард. Кыш мезгилинде Кыргызстанды Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон жана башка баардык ГЭСтерди электр энергиясы менен камсыз кылат. Өткөн жылдын кыш мезгилинде нормадан 12 миллиард куб метрге чейин азайды. Кирген суунун агымынын божомолу аябай жакшы болгондо 4-5 куб метр кошулат. Быйыл проект көлөм нормадан кем 17 же 17 жарым болот го деп ойлоп турам.

— Быйылкы жылдын жай мезгили эң жогорку температурада болот деген божомолдор айтылып жатат го?

— Быйылкы жылы гана эмес. 2050-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 14 градуска чейин жогорулайт деген божомолдор бар. Интернет булактарынан аба-ырайын тынымсыз акмалап турабыз. Анткени суунун деңгээли аба-ырайы менен тыгыз байланышта болот.

— Дүйнөнү каптап жаткан апааттан кантип сактанып жатасыздар? Жумушуңуздарга терс таасирин тийгизген жокпу?

— Карантиндин талаптарын гидрологдор менен метеоролгдор так, туура аткардык деп ойлойм. Анткени өлкөдөгү баардык гидропосттор айыл аймактарынан бир кыйла алыс жайгашат эмеспи. Ошого байланыштуу коомдук жайларда дээрлик болбойбуз. Посттук аянтчанын ичинде ишибизди толук кандуу, тынымсыз жүргүзүп жатабыз десем жаңылышпайм. Таасирин эл катары эле көрүп жатабыз.

— Гидропосттордогу аппаратуралар менен иштеш оор эмеспи?

— 100 киллограммдык салмоор германиянын Себо деген фирмасынан чыгарылган. Бизде 20 жыл мурун курулган бузулса өзүбүз оңдойбуз. Ушул күнгө чейин иштетип келе жатабыз. Иш абдан эле оор. Аял кишилердин күчү жетпегенине байланыштуу көбүнчө эркектер иштейт. Башка гидропосттордо биздикиндей  оор иш болбосо керек. 240 метр аралыкты алабыз ар бир 5 метрде бирден түшүрөбүз. Ылдамдыктын өйдөңкү 0,8-0,2 деген чектери бар ошондон ылдамдыкты алабыз. Эсептен жаңылбаш керек. Эгер туура эмес чыгып калса кайталап алышка туура келет.

— Жумуш күнүңөр эмне менен башталып, кантип жыйынтыкталат?

— Суунун көлөмү азайганына байланыштуу эртең мененки жана кечки саат сегизде көзөмөл жүргүзөбүз. Сууга расход алуу менен чектелебиз. Табигый кырсыктарга байкоо жүргүзүп турабыз. Кыскасы, аба ырайын билүү үчүн суунун деңгээлин билип турабыз.

— Посттон сыртка чыкканга мүмкүнбү?

— Өмүрүмдүн басымдуу бөлүгү ушул постто өттү. Кечээ жакында эле, тагыраагы 5-6 жыл мурда Япониянын аппаратуралары келип андан кийин уюлдук телефон менен  иш оңойлошуп калды. Иш учурунда посттон эч жакка жыла албайсың.  Ушул пост менен өмүрүм өттү. Дем алуу күн эмне экенин билбейбиз. Майрам күнү да иштейбиз. Тагыраагы, ишти тынымсыз жүргүзөбүз. Пост айылдан 3-4 километр алыс жайгашкандыктан, балдарым мектепти постко жакын айылдагы мектептен окуп бүтүштү.

Жүрөгүбүздө жасаган эмгегибизди мекен үчүн, Кыргызстан үчүн дейбиз. Суу сактагычтарга суу топтолуп, суунун деңгээли көбөйүп калса сүйүнүп калабыз. Ошону так ченеп бергенге аракет кылабыз. Ишибизге жоопкерчилик менен мамиле кылабыз.

— Кыргызстан боюнча быйыл 20 автоматтык гидропосттор коюлганы жатат. Азыркылар менен айырмасы барбы?

— Аларды угуп атам бирок барып көрө элекмин. Негизинен Кыргызстан боюнча 78 гидропосттор бар. Алардын үчөө автоматташтырылган. Техника абдан өнүгүп жатат. Эгерде баардык посттор автоматташтырылса өтө эле жакшы болмок. Бирок мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылдан-жылга технология жаңырып, иш азыраактан болсо да оңойлошуп келе жатат. Кудайга шүгүр, аппаратураларыбыз жакшы иштеп жатат.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *