Такси кызматкерлерине да иштөөгө тыюу салынды. Алар иштесе айдоочу жоопкерчиликке тартылат

   Мезгил

Бишкекте такси кызматкерлери иштесе, унаа айып токтотмого жеткирилип, айдоочу жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой,  өзгөчө абал учурунда коомдук транспорт каттабайт. Ошондой эле такси жана менчик унаалар менен элди ташууга болбойт.  

Учурда жол инспекторлору айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, өзгөчө абалды туура кабыл алууну өтүнүп жатат.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *