Таксист кардарынын түшүрүп алган капчыгын таап алып, айыппулдарын төлөгөн

Мезгил

Нур-Султанда такси айдоочусу кардарынын түшүрүп алган капчыгын таап алып аны пайдаланып айыппулдарын төлөгөн. Бул тууралуу жеригиликтүү басылмалар жазды.

Маалым болгондой, көп балалуу эне балдарынын окуусунун акчасын төлөө үчүн шашылыш түрдө такси чакырган. Бара турган жерине жетип таксиден түшүп кеткен соң ал, капчыгын  түшүрүп алганын байкаган. Анын ичинде акчасы, банк карталары,  жана жеке каражаттары болгон.     

“ Капчыгымда эки банк картасы бар болчу. Аны балдарымдын окуусуна деп чогултканбыз. Мындан башка 70 миң теңге акча бар эле” дейт  ал.

 Ал капчыгын жоготуп алганын милиция кызматкерлерине билдирген. Милиция кызматкери видеокамеранын жардамы менен таксисти тапкан. Ал аялдын баардык заттарын кайтарып берген.  

 Белгилүү болгондой, бир чакыруу менен оңой олжого жеткен айдоочу капчыкты таап алган соң дароо эле айыппулдарын төлөө үчүн барган. Төлөп бүтүп  аны ыргытып таштаган. Тартип сакчылары капчыкты таба алышкан эмес. Бирок ошол жердеги ара-бери өткөндөр аны таап алып жанындагы  азык-түлүк саткан дүкөнгө таштап коюшкан.  

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *