Талантбек Исаев ИИМ башчылыгына келбейт

Мезгил. 

Генерал Талантбек Исаев өзү тууралуу “ИИМ министри болот” деген имиштерди төгүнгө чыгарды.

Белгилей кетсек, жакында коомчулукта учурдагы ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кызматынан кетет дегендей кептер тараган. Бул имиш-кепке Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүп жаткан маалда түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын жубайы жол тыгынга кабылганы себеп болуп берген. Мындай шалаакылык жазасыз калбашына ишенген айрымдар Жунушалиев отставкага кетип, ордуна Талантбек Исаев келет экен деген маалыматтарды таратышкан.

Ал эми Талантбек Исаев бул кептерди жалганга чыгарды. Эгер аны министр болууга чакырышса да баш тарта турганын, анткени бир килейген министрликтин жоопкерчилигин моюнуна ала албастыгын белгиледи.

Булак: Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *