Талас облусунда коронавирус аныкталган алгачкы учур катталды

Мезгил

Бүгүн, 10-июнга карата Кыргызстанда дагы 38 адам коронавирус менен каттоого алынды. Алардын ичинен 6 медицина кызматкери. Бул тууралуу  саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Жаңы катталган бейтаптар:

Бишкек шаарында – 19

Чүй облусунда – 6

Ош облусунда – 3

Талас облусунда – 1

Нарын-1

Ош шаары – 6

Жалал-Абад -2

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.

 Белгилей кетсек буга чейин Талас облусунда  коронавирус  каттала элек болчу. 

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 2093гө жетти.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *