Таластык депутаттар таарынчаак келишеби?

    Мезгил

Таарынсаң Таласка бар дегенди көп эле угуп жүрөбүз. Бул сөздүн түпкү мааниси улуу Манастан башталган дешет. Манас атабыздын хандыгынын тушунда тууганынан, атасынан, уруусунан таарынгандар, ыдык көргөндөр анын айлансына топтолуп, ошондон улам айтылып калган накыл кеп дешет. Бирок мурда биз билген Таластык жигиттер ала-көөдөн, ачык көнүл, барбалаңдаган болушаар эле. Азыр Жогорку Кеңеште олтурган Таластан чыккан депутат мырзалар өздөрү таарынчак болуп баратышабы десек чычалабашсын. Чымчыкейди туура түшүнүшсүн. Анткени кең Таласта чычалагандар болбош керек.

Мирлан Жээнчороев

3-октябрдагы ЖК жыйынында аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча маселе талкууланып, келишимди бекитүү ратификацияланып жаткан учурда депутат Мирлан Жээнчороев бир аз таарынычын жашыра алган жок. Анын пикиринде “Баткен жана Талас облустарынын айылдарын ичүүчү суу жана санитария менен камсыз кылуу” программасында аймактык тең салмактуулук сакталган эмес. “Долбоорго Таластын 17 айылы камтылып жатса, Баткендин 61 айылы кирген. Маселен Таластын Аманбаев сыяктуу чоң айылы кирбей калган. Ушундан улам бюджеттик акча туура эмес бөлүшүтүрүлүп жатабы деген шек бар. Ирригация боюнча үчүнчү долбоордо да Таласты четке сүрүп келишет” – деп даттанган Жээнчороев. Ал эми депутаттын суроосуна өкмөттүн өкүлү Аскар Токтошев долбоордо 70-жылдары түзүлгөн, калк жыш жайгашкан айылдарга артыкчылык берилип, аймактык принцип каралбаганын айткан.

Зарылбек Рысалиев

Мурда дагы бир Таластык депутат, убагында министр болуп жүргөн агабыз Зарылбек Рысалиев да парламенттен жердешчилик ич күптүсүн жашырган эмес. Анда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Транспорт жана коммуникация министрлигине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин сунуштап жаткан. Зарылбек Рысалиев өкмөт сунуштап жаткан кадрлардын арасында бир да Таластык жок, жердештери үчүн бул таарынычтуу экендигин билдирген. “Бүгүн бул жерге премьер-минстрдин өзү келиши керек эле. Ага карабай сизге айта берейин. Айтыңызчы Талас облусу Кыргызстанга киреби? Картадан чийип салышкан эмеспи? Эмне үчүн кадр саясатында аймактык теңдик сакталбай келет?” – деп ич күптүсүн жашырган эмес. Боронов эгерде конкретүү сунуштар болсо өкмөт карап көрөрүн, кадр тандоодо жердиги эмес, кесипкөйлүгү маанилүү экендигин айтып өткөн.

Рыскелди Момбеков

Ошондой эле таластык дагы бир чечен депутат Рыскелди Момбеков да өкмөт башчы Таласка барбай жаткандыгын айтып, даттанып алган. “Эгерде Таластык кадрлар өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизип жатса айткыла, биз түшүнөлү. Өкмөт башчы буга чейин бир дагы таласстык кадрды жумушка бекиткен жок” – деген Момбеков.

Ошентип Таластык үч депутаттын өкмөткө болгон жарма тарынычын байкай алдык. “Президент кайдан болсо ошол жактан болсун, аялы Таластан болсун” деген тамаша сөз аргасыздан эске түшөт экен. Эгер жерлиги боюнча айта турган болсок Роза Отунбаеванын өлкө башкаргандыгын, Майрам Акаеванын Акаевди “башкарып турганын”, азыркы президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева да Ак үйдөгү айрым иштерди байкатпай “чечип” коюп тургандыгы тууралуу Таластык депутаттар эмнеге айткылары келишпейт?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *