Талгарбеков: Абдилге мыйзамсыз баюу боюнча иш козгош керек

Мезгил

– Бекболот Талгарбекович, кезинде “Элдик парламентти” түзүп чыктыңыздар эле, максатыңыздарды орундата алдыңыздарбы?

– Кепти 2011-жылдан баштайын. Атамбаев президенттикке талапкерлигин коюп жатканда бир маек бергенмин, кийин президент болуп шайланган соң да ушундай мааниде маек куруп бердим, журналисттерге. 2013-жылы да Атамбаевдин иштерин сындап чыктым. Ал учурда айткандарыма реакция беришкен эмес. Ошондуктан 2016-жылы санаалаштар менен чогуу “Элдик парламентти” уюштурууну чечтик. Ага оппозициялык көз караштагы же бийликти колодогондор эмес, орто позициядагы 105 киши чогулган болчубуз. Максатыбыз, талылуу маселелерди көтөрүп, аны чечүүнүн жолдорун издөө болгон. Анан эле 1 ай иштегенден кийин 5 мүчөбүздү жалаа менен камап салышты. Балакет ошентип башталды.

– Бул уюм башында орто позицияда болуп, кийин кескин пикирлер менен чыга баштадыңыздар?

– Атамбаевдин эл алдында отчёт берүүсүн жана отставкасын талап кылганбыз. Дагы бир маселебиз, анын айланасындагы кадрларга байланыштуу эле. Бизди радикалдуу топ деп айыптай башташты. Бийлик бизди каматарын билсек да сунушубуздан кайткан эмеспиз. Жыйын өткөзөбүз деп камынсак бут тосуулар башталды. Биз жыйырма миң кишини көчөгө алып чыгабыз дедик. Ошондо биздин 5 кишини камакка алган учурда алар 17 тергөөчүдөн турган тергөө тобун түзүшкөн. Буларга Жолдубаева менен Сегизбаевди кошкондо, үстүбүздөн бери дегенде элүүдөй киши бизге каршы иштеп турду.

– Сегизбаевдин Россиялык чекист Беседа менен болгон байланышын айтып чыккан элеңиз.

– Төрөбай Колубаев деген жигитибиз орус-кыргыз коррупциялык байланыштарын изилдеп жүргөн эле. Маалымат жыйынында ал Сегизбаев менен Россия ФСБсынын бөлүмүнүн начальниги Сергей Беседанын коррупциялык байланыштарын далилдеп бере алам деп айткан. Биздин маалымат жыйыныбыздан 1 апта өткөн соң Беседаны Путин жумуштан алып салган. Колубаевдин маалыматында ФСБдан УКМКга кандайдыр бир акчалар бөлүнүп, аны Сегизбаев менен Беседа өз ара бөлүшүп турган.

– Учурунда сиздерди Россиялык аскер кызматкерлери колдойт деген сөздөр болгон.

– Бахтияр Алиев сыяктуу мекендештер, атайын кызматтардын отставкадагы өкүлдөрү колдоп жаткан. Алар Ош окуясын ачуу боюнча жардам беребиз дешкен. Атамбаев “Апрель” каналына берген маегинде “Талгарбеков ФСБнын 5 генералы менен байланышып, Кыргызстанда төңкөрүш жасамак” деген. Эми ойлоп көрүңуз, 2016-жылы Атамбаев менен Путин жакшы мамиледе беле? Анан канитип мага ФСБ генералдарынын күнү түшүп калмак. Бул логикага туура келбейт.

Мени тергеп жаткан учурда тергөөчү улам сыртка чуркап кетип жатты. Акырында ачууланып, “Ээ башты оорутуп жиберишти” деп жаман сөз айтып жиберди. Ким десем, “билесиз да, тигил киши” деди. Анысы Сегизбаев экендиги белгилүү да. Алар бизди күнөөлөш үчүн 65 күбө даярдашкан. Анын 64ү “булар күнөөсүз деп” жазган арыздарынан баш тартышса, 1 гана киши жалаа менен арыз жазды. Прокурор ар бирибизге 25 жылдан, 5 кишинин мөөнөтүн кошкондо 125 жыл сурады. Сот 1 адамдын көрсөтмөсү менен баарыбызды 60 жылга кести. Мунун 37-жылдагы репрессиядан эмне айырмасы бар.

– Дастан Сарыгулов, Бектур Асанов менен байланышыңыздар бар беле, а кезде?

– Болгон эмес, алар өз алдынча аракет кылышкан. Балким бирикпегендигибиз катачылык болгондур. Бириксек, Атамбаевди отставкага кетирет белек. Бирок биз маселени элге салганбыз. Атамбаев менен каршылашуу, талаш мамилебиз болгон эмес. 90-жылдары жакшы мамиледе болгонбуз. Атамбаевден алгачкы көңүлүм калгандыгы Чыңгыз Айтматовду алдап, жазуучулардын акчасына ишканаларды сатып алгандыгы болду. Экинчи жолу Бакиевдин тушунда оппозицияда жүрүп, бийликке секирип кеткенде бир көңүлүм калган.

– Абдил Сегизбаев менен Индира Жолдубаеванын дарегине бир топ сындар айтылып келет. Бирок аларга кылмыш иши козголгон эмес. Мунун себептери барбы?

– Аларды өлкө ичинде жана Россияда колдогон кишилер болсо керек. Кол тийбес болуп басып жүргөндүгүнүн себеби балким ошондодур. Акаевдин тушунда Абдил пресс-катчы болгондо маршрутка менен жүргөн жигит эле. Атамбаевдин тушунда байып кетти. Буга мыйзамсыз баюу боюнча да кылмыш ишин козгосо болот. УКМКнын жер төлөсүндө 1,5 жыл жаттым. Корупциянын уюгу ошол жерде экенин билдим. Анткени алар баарын текшере алат, ал эми аларды текшерген орган жок.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *