«Ташкент — Бишкек — Балыкчы» каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт

Мезгил

 Үстүбүздөгү жылдын 6-июндан тарта сезондук негизде «Ташкент — Бишкек — Балыкчы» каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поезддер каттай баштайт. Бул тууралуу «Өзбекстан темир жолдору» компаниясынын басма сөз кызматынан билдиришти.  

Маалыматка ылайык, Бейшемби сайын Ташкенттин Борбордук темир жол бекетинен чыга турган поезд Казакстандын аймагы аркылуу өтүп, жума күнү кечинде Балыкчыга жетет. Ишембиде кайра артка кайткан поезд Ташкентке жекшемби күнү таңкы саат беште барат.

  Кошумчалай кетсек, плацкарттык вагондордо жүрүүнүн баасы 35 доллар, купе вагондордо 48 доллар жана люкс вагондордо 94 долларды түзөт.

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *