Тасмадагы “Кесем Султан” Берен Саат

Мезгил

“Кесем Султан” тарыхый тасмасындагы  башкы каармандын өзгөчө образын чагылдырып дүйнөгө таанымал болгон Түркиялык актриса Берен Саат 1984-жылы 26-февралда Анкара шаарыда жарыка келген. Атасы мыкты спортчу энеси мугалим. Берен Анкарадагы жогорку ТED колледжин бүткөндө Анкара университетинин менежмед бөлүмүнө тапшырат. 

Кыялында актриса болууну самаган Берен студент кезинде эле ар кандай актёрдук сынактарга катышып өзүн сынап келген. Бактысына сынактан жеңип чыгып алгачкы жолу Түркиялык твдан биринчи ролун алып олтуруп акырындап бир канча телесериалдарга тартыла баштайт. Берен Саат тартылган тасмаларынын ичинен ийгилик, популярдуулук  алып келген “Запретная любовь” сериалы болгон. Ага 2008-жылы катышып анда башкы каарман Бихтердин ролун ойнойт. Тасмадагы  шериги жылдыздуу түрк актёру Кыванч Татлытуг чогуу тартылган.

Актриса дал ушул тасмага тартылгандан соң 2009-2010-жылдары Түркияда “Золотой бабочи” сыйлыгына татыган.

Андан кийин 2010-жылы “Без вины виноватая” сериалында карапайым айылдык, зордук-зомбулукка кабылган Фатмагүл деген кыздын образын аткарган. 2012-жылдын сентябрь айында Ирандык режиссёр Бахмана Гобадинин  “Сезон носорогов” драмасына тартылат. Андан соң дүйнөнүн булуң бурчунан күйөрмандарын тапкан тарыхый “Даңазалуу доор” телесериалынын уландысы  “Кесем” деген аталышындагы сериалда башкы каарман ханайым Кесем Султандын образын чагылдырган. Дал ушул Кёсем Султандын ролун мыкты ойногондон кийин дүйнө жүзүнө аты чыгып күйөрмандарын тапты.

Бирок сериалдын жарымына келгенде 2016-жылы келишимди бузуп ролдон чыгып кетет. Кийинки “Кесемдин” ролун түрк актрисасы “Любовь и наказания” сериалынан кийин популярдуу болгон Нургюль Ешилчай алган.

Тартылган тасмалары

 “Кёсем” султан , “Запретная любовь” , “Мой мир”,  “Месть”, ” В чём вина Фатмагюль”, “Боль осени”, “Европейская сторона”, “Любовь и ненависть” жана “Запомни, любимый” деген бир канча сериалдарында роль ойноп күйөрмандарынн сүймөнчүлүгүнө татыган.

Жеке жашоосу

Ажарлуу Берен Сааттын актриса болууга түркөн анын биринчи сүйүктүү Эфе аттуу жигити себеп болгон. Ал жигити жол кырсыгынан каза болгон.

Кийин чыгармачылык чөйрөсүнөн эле кесиптеши Бюлент Инал менен 3 жыл кыз-жигит мамиледе болуп 2009-жылы түгөйлөр эки жолго түшкөн. Инал менен эки айрым жолго түшкөндөн соң “В чем вина Фатмагюль” сериалынын режиссеру Левент Семерджи менен жолугушуп жүрүп сериал жарыкка чыккандан киийн сүйлөшпөй калышкан. 2014-жылы июль айында Берен Түркиянын белгилүү ырчысы Кенан Догулуга турмушка чыккан. Нике тою Лос-Анджелесте өткөн.

Берен Саат бош убактысында ырдаганды  жакшы көрөт. Түрк тилинен тышкары англис, испан тилдеринде эркин сүйлөйт.

Булак: Мезгил ньюс

 

 

 

 

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *