Тазабек Икрамов: Бишкекти быйыл атайын түтүн каптатып жатышат

 
Мезгил

 Былтыр эле түтөбөй жакшы эле жашап жатканбыз. Быйыл эмнегедир атайын ушундай бир түтүндөрдү каптатып жатышкандай. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты.

Анын айтымында былтыркыга караганда быйыл Бишкек шаарында аба аябай булгангандай.. Бул үчүн атайын кимдир-бирѳѳлѳр мына ушундай кадамдарга барып жаткандай.

-Кечээки күндөн баштап Бишкек шаарын түтүн каптаганын көрүп жатасыздар. Ушул боюнча протоколодук тапшырма берип, Бишкек ЖЭБке эмне жагылып жатат текшерүүгө алынса. Былтыр эле түтөбөй жакшы эле жашап жатканбыз. Быйыл эмнегедир ушундай бир түтүндөрдү каптатып кимдир-бирѳѳлѳр атайын кылып жаткандай. Ошол жердеги от жаккычтар (кочегар) эмне жагылып, эмне менен уулап жатканын баарын билишет. Ошолорду бир суракка алып коюшса- деди Икрамов.

Белгилей кетсек, курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин эсеби боюнча жыл сайын Бишкектин абасына 240 миң тонна зыяндуу зат бөлүнүп чыгат. Бул деген сөз ар бир Бишкек жашоочусуна жылына 200 грамм зыяндуу зат туура келет дегенди билдирет.

Бишкек мэриясы буга чейин абадагы зыяндуу заттардан сактануу максатында адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылган. Адатта индекс 0дөн 500гө чейин чыгып-түшүп турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигин билдирет. Мэрия учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин экенин кабарлады.

Мезгил Ньюс

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Тазабек Икрамов: Бишкекти быйыл атайын түтүн каптатып жатышат”

  1. Реконструкция кылганда ТЭЦте филтир болот ошону кытайлар алып оздорунукун салдыбы салган жокбу ким билсин
    Комиссия тузуп текшериш керек

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *