Тазабек Икрамов: Элет жергесинде иштеген мугалимдердин да турак жай көйгөйү арбын

   Мезгил

      Мугалимдердин эмгек акысы орто эсеп менен 30 пайызга көтөрүлдү. Бул жакшы жөрөлгө. Ошого карабастан, биз мугалимдердин социалдык жашоо-шартын жакшыртуу жаатында комплекстүү чараларды көрүшүбүз керек. Мисалы, мугалимдердин турак жай көйгөйүн чечүү максатында, эгер иш стажы жетиштүү болсо, ипотека маселесин чечип беришибиз зарыл. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Элет жергесинде иштеген мугалимдердин да турак жай көйгөйү арбын. Алардын турак куруп алуусу үчүн жергиликтүү бийлик жер маселесин чечип бериши керек. Ал эми чек ара аймагында жайгашкан айылдардагы мугалимдерге 500 миӊ сом өлчөмүндө ссуда берүү маселесин да кароого тийиш. Эгерде аталган маселелер оӊ чечилсе, балдардын билим алуу деӊгээли да кыйла көтөрүлөт деген ойдомун», – деди депутат.

 

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *