Тазабек Икрамов: Жүрөк оорулуу болбош үчүн комментарийлерди окубайм

   Мезгил

Депутат Тазабек Икрамов жүрөк оорулу болбош үчүн социалдык тармактардагы комментарийлерди окубайм дейт. Ал бул тууралуу массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип жатып айтты.

“Мен буга чейин айтылган ар кандай сөздөн адашып калды дегендерди  “Маугли” деген мултьфилимдеги  Аттила чалынып калды же жыгылып калды деп жанындагы шакалдар кыйкырып жүрө берет го, ошондой эле карадым. Уятту эч нерсе кылган жокмун. Мен бир жерде мас болуп же болбосо площадка жылаңачтанып чыгып  алган болсом, уялсам болот эле.   Ушуларды токтотуу маселесинде   талаш тартышта эмоцияга алдырып, жакшынакай эле сүйлөп жаткан сөзүмдү сүйлөтпөй койду була дагы Аллахтын ошол жерде жаман  сөздү сүйлөтпөй койгондур деп кабыл алдым. Негизинен мага биринчиден спорт жакшы жардам берди. Кандай маселе болбосун ар дайым 1,2 саатка спортко көңүл бурчумун. Жаман нерселердин баардыгын спорт, тер менен чыгарып турдум. Андан сырткары мен комментарий сындарды окубайм. Жаңы саясатка келгенде буга чейинки саясатчылар баардыгы   “эгерде жакшы жумушту алып барам десең, же жакшы кетем дей турган болсоң оорулуу болбой, жүрөк оорулу болбоюн  десең  эч качан комментарий окуба сени ким мактап жамандаса дагы” деп айтышчу. Алардын айткандарын жакшы кабыл алып калгам.  Мен алардын баарын окуганда жокмун- дейт Икрамов.

Белгилей кетсек буга чейин депутат Тазабек Икрамов  “гомосексуализм” деген сөздү бир топко чейин айта албай,    “гомосексалю”… деп айтып  коомчулуктун талкуусунда калган.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *