Тазабек Икрамовдун кыжырын кайнаткан “сулуу министр” ким?

   Мезгил

Депутат Тазабек Икрамов Маданият жана маалымат министри Азамат Жамангуловго:

“Сиз чачыңызды тарап, сулууланып келипсиз. Бирок оозуңузга суу толтуруп алгансып суроолорго жооп бербейсиз. Жазуучулар союзунун ишин чечкиңиз келбейби?” – деди.

Министр бала оозун кыбыраткан болуп:

“Биз үч-төрт жолу Жазуучулар союзунун өкүлдөрү менен жолугуштук. Китептерди чыгаруу жана аны каржылоо боюнча маселелер бар. Өкмөттө бул маселени талкууладык. Жакын арада бардык союздарга акча бөлүнөт”, – деген болду.

Ал эми спортсмен, эл агартуунун мыктысы делген депутат Тазабек Икрамов жазуучулардын имаратын кармоо боюнча 1 миллион сомдон ашуун болгон коммуналдык чыгымдарды кечтирип, жазуучулардын абалын жакшыртуу боюнча мыйзам жазып жаткан. Бул тууралуу “сулуу министр” Азамат Жамангуловдун кабары жок окшойт. Депутаттын министрге эмне үчүн ачуусу келди? Жыйынга чачын тарап, сулууланып келгенинеби? Же жазуучулардын көйгөйүнө күйө бербегенинеби? Эмне эркектер сулуу болсо болбойт бекен? Тем более маданият министри?

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *