Тажикстан: Коронавирус 461 адамдан аныкталып, 12 адам каза болду

  Мезгил

Учурда Тажикстанда коронавирус аныкталгандардын саны 461ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 461 адамдан коронавирус аныкталса,12 бейтап каза болду. Айыгып чыккандар азырынча каттала элек. Тажикстан дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктурган өлкөнүн  катарында  124-орунга жайгашты.

Белгилей кетсек, аталган өлкө буга чейин өлкөдө коронавирус жок экендигин айтып келишкен. Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус катталбаган өлкөлөрдү текшерээрин  айткандын кийин расмий түрдө 30-апрелде вирус аныкталганын ачыктаган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *