Тажикстан: Коронавирус жуктургандардын саны 128ге жетти

  Мезгил

Тажикстанда коронавирус дагы 52 адамдан аныкталып жалпы саны 128ге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, акыркы суткаларда 200дөн ашык киши текшерилип, үйлөрүнө кое берилди.

2-майда өлкөдө COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 76га жетип, эки киши каза болгону кабарланган.

Тажикстанда коронавирус катталгандыгы тууралуу алгач 30-апрелде, өлкөгө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун делегациясы келердин алдында жарыяланган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *