Тажикстан менен болгон баардык келишимдерди текшерип чыгуу керек

  Мезгил

Тажикстан менен талаш аймактар боюнча демаркация жана делимитация маселелерине тиешелүү баардык келишимдерди текшерип чыгып, катоого алуу керектиги тууралуу Лейлек районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын жыйынында маселе көтөрүлдү. Ошондой эле жергиликтүү депутаттар Тажикстан менен болгон баардык кедишимдерге тыкыр анализ жүргүзүү керектигин да сунушташты.

  Эгерде буга чейин кол коюлган келишимдерде Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө көлөкө түшүрө турган документтер болсо, ага кол койгон кишилерди жоопко тартуу жагы каралсын деген пикирин билдиришти. Жергиликтүү кеңештин депутаттары чек ара маселесин талкуулоо үчүн жыйналышкан. Ал эми Тажикстандын жарандары айыл-чарба багытындагы жерлерди өздөштүрүп, курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотпой келе жаткандыгын да айтып өтүштү.

Максаттагы чек арачылардын кандуу кагылышуусунан соң 1 айга чукул убакыт өтсө да чек ара бөлүштүрүү маселесине байланыштуу иштер “уктап” жатат. Учурда чек арадагы абал стабилдүү деп айтылган менен парламент депутаттары жабык жыйын өткөрүп, өкмөт мүчөлөрү жашыруун отчёт берген менен иште жылыштар байкалган эмес. Сыягы Кыргызстандын эксклавы болуп бөлүнүп калуу коркунучунда турган Лейлек менен Баткендин 2 айыл аймагынан чыккан жергиликтүү депутаттарга гана чек ара маселеси керек окшойт. Антпесе чындык үчүн чыркырап келген Катраң айыл кеңешинин депутатарынын төрагасы Сапарали Бөрүбаевди ИИМ 8 саат суракка албайт болчу.

Булак: Мезгил ньюс 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *