Тажикстанда коронавирус күч алууда. Кытайлык дарыгерлер барды

  Мезгил

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына чартердик каттам аркылуу кытайлык медицина кызматкерлеринин тобу барды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.  

Маалыматка ылайык, медиктердин тобу 14 дарыгерден, тактап айтканда Шэньси провинциясынын вирусологдорунан түзүлгөн.

Ошондой эле дарыгерлер менен бирге жасалма дем алдыруучу 15 аппарат, дары-дармектер, 700 миң долларга бааланган коргоочу каражаттар жеткирилди. Кытайлык вирусологдор Дүйшөмбүдөгү дарыгерлерге коронавируска каршы күрөшүүдө жардам беришет.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда 2929 адамдан коронавирус аныкталып, алардын ичинен 46 бейтап көз жумду.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *