Тажикстанда коронавирустан эки адам каза болду

Мезгил

Тажикстанда Кытайдан учуп келген «Сомон Эйр» авиа компаниясынын учагынын жүргүнчүсү каза болду. Ал орто жаштагы адам болгон. Анын өздүгү азырынча тактала элек.

Маалыматка ылайык, ал учактын ичинде  өзүн жаман сезип, температурасы көтөрүлө баштаган.  Бирок айланасындагылар ызы-чууга түшпөсү үчүн ден-соолугу начарлап жатканын жашырып койгон.      

 Ал эми бортто жалпысынан 168 адам болгон. Алардын баары  коркунучтуу вирусту жуктуруп алуу мүмкүндүгү бар экендиги айтылды.

Ал эми  экинчи адам   Мансурова клиникасында каза болду.  Андан коронавирустун белгилери байкалып ооруканага кайрылган. Көп өтпөй ал каза болуп калган. Анын сөөгү жок кылынды. 

Учурда «Сомон Эйр» авиа компаниясы Кытайга болгон баардык каттамдарды токтотту.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *