Тажикстандын саламаттык сактоо министри кызматтан алынды

   Мезгил

Тажикстандын саламаттык сактоо министри Насим Олимзода 5-майда кызматтан алынды. Өлкө президенти Эмомали Рахмондун жарлыгында анын «башка ишке өткөндүгү» жазылган.

Олимзоданын ордуна «Истиклол» медициналык борборунун жетекчиси, Тажикстан мамлекеттик медицина университетинин профессору Жамолиддин Абдуллозода дайындалды.

Олимзода өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигин 2017-жылдан бери башкарып келген. Азырынча ага кайсыл кызмат сунушталганы белгисиз.

Тажик бийлиги 30-апрелде гана өлкөдө коронавирус катталганын расмий билдирген. Ага чейин илдетке чалдыккандар жоктугу маалымдалып, тийиштүү карантин чаралары көрүлгөн эмес.  

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *