Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине нота тапшырды

  Мезгил

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине чек арадагы окуяга байланыштуу нота тапшырды. Бул тууралуу  Тажикстандын басылмалары жазды.

 Маалым болгондой, кечээ, 17-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Анда кыргыз-тажик чек ара аймактарында буга чейинки жетишилген макулдашууларга дал келбеген аракеттер жасалганын, кыргыз жарандары такталбаган жерге мыйзамсыз курулуш иштерин баштаганы тууралуу айтылып, катуу нааразылык билдирилген.

Буга чейин, чек арадагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылган болчу.

Эске салсак, 14-сентябрда Лейлек районундагы Максат айылында такталбаган чек ара аянтында тажик тарап курулуш иштерин башташкан. Кечээ Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда тажик тарап биринчилерден болуп ок чыгарган. Анда Кыргызстандын чек ара кызматынын бир аскери каза таап, бир нече жаран жаракат алган.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *