Тажикстанга 104 гектар жер кандайча берилип кеткен? Мадумаров: “Тажик тарап эки ирет макулдашуунун шартын четке каккан”

Мезгил

– Ошол кезде эки мамлекеттин ортосундагы тиешелүү министрликтер сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана долбоорду даярдасын деп протокол түзүлөт. Биздин коопсуздук кеңеш ошол кезде Баткен облусунун тургундары Тажикстандын чек арасын баспай, Кыргызстандын эгемен жолдору менен тоскоолдуксуз өтсүн деген максатта болгон. Мен 2009-жылы сентябрь айында кызматтан кеттим. Анан ошол жылы декабрь айында ал келишимге кол коюлуп жатса, ал документке кийин кандай өзгөрүүлөр, алымча-кошумчалар болгонун кайдан билем? Тажик тараптын ал милдеттенмесин өкмөттөр аралык өкүлчүлүк топтору да карап, бирок, эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Тажикстан убада кылган 5 гектар жер Кыргызстандын карамагына өтпөй калгандан кийин, кыргыз өкмөтү кыргыз-тажик чек ара тилкесин айланып өтмө жолду курууга киришкен. 23,5 чакырым аралыктагы автожолдун ал участкасы Европа Комиссиясынын долбоору боюнча 6 миллион 300 миң еврого каржыланган.

Мына ошондон кийин, кыргыз өкмөтү кийинки сүйлөшүүлөрдө, бөлүнбөй калган 5 гектар жер тилкесин Тажикстандын Исфара районундагы Ходжа-Ало участкасынан бөлүп берүүнү тажик өкмөтүнөн талап кыла баштаган. Бул тилке аркылуу кыргыз тарап Баткендеги “Айгүл-Таш” көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы электр линиясын Лейлекке алып өтүү жагын караштырган. Бул боюнча кыргыз өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелинде расмий Дүйшөмбүгө жолдогон кайрылуу катында көрсөтүлгөн.

Бирок тажик тарап маселени чечүүнү создуктуруп, ал сунушту кабыл алуудан да баш тарткан. Жыйынтыгында кыргыз тарабы аталган электр линиясын Тажикстандын аймагын айланып алып өтүүгө аргасыз болгон. «Бул тажик тараптын экинчи ирет макулдашуунун шартын четке каккандыгын тастыктайт» деп көрсөтүлгөн парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинин 2011-жылдын 10-майында чыгарган корутундусунда.

Булак: Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *