Усупбаев коомчулукту адаштырууда

Мезгил

А.Усупбаевдин «Тенирчилик» уюмун КР ДИМКдан эсептик каттоодон өткөрүү боюнча Бишкек шаардык райондор аралык сотуна жазган арызынын негизинде, 2016-жылдын 14-мартында судья Ч.М.Досмамбетовдун төрагалыгында  сот отуруму болуп, 2017-жылдын 10-февралында судья Ч.М.Досмамбетов тарабынан Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2016-жылдын 14-мартындагы чечимине аныктама берилген.

Аныктамада комплекстүү, көз каранды эмес эксперттер жана тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө тийиш экендигин жана КР ДИМК эсептик каттоо маселесин  мыйзамдын негизинде карап чыгууну белгилеген.

Жогоруда айтылган Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2017-жылдын 10-февралындагы аныктамасынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) 07.03.2017-ж. №88 буйругу менен «Теңирчилик» уюмунун эсептик каттоо маселеси алкагында аталган уюмдун динге болгон катышын жана анын диний уюм катары катталуусунун диндер аралык коопсуздукка боло турган таасирин  аныктоо максатында комплекстүү дин таануу экспертизасы дайындалган. Аталган комплекстүү дин таануу экспертизасынын жыйынтыгы боюнча теңирчиликти дин катары кабылдоого болбой турганын жана аны диний уюм катары эсептик каттоодон өткөрүү коомдук коопсуздукка залакасы тиерин белгилешкен.

Теңирчиликти дин катары жайылтабыз деген уюмдар коомдо араздашууларга алып барышы мүмкүн. Себеби:

– башка диндерге жана башка диндердин өкүлдөрүнө акаарат айтуу;

– коомдо калыптанган баалуулуктарды тануу;

– бир гана улутка тиешелүү динди түптөө менен башка улуттарды чектөө

теңирчилик түшүнүгүндө орун алат. Бул коомдо түшүнбөстүктөргө, араздашууларга жана кагылышууларга алып барат.

Эсептик каттоо үчүн тапшырылган документтериндин жооптору өз убагында Мыйзам чегинде КР ДИМК тарабынан А.Усупбаевге кайтарылып берилген. Ал эми 2016-жылдын 27-июлундагы эсептик каттоо үчүн тапшырылган акыркы документтери 2016-жылдын 25-август күнү каттын жообу менен почта аркылуу арыз ээсине кайтарылган (бул боюняча керектүү документтер тиркелет).

Тиркемеде каттын жана документтин жөнөтүлгөндүгү боюнча квитанция, арыз ээсинин алгандыгы боюнча билдирме, Бишкек шаардык райондор аралык сотунун 2017-жылдын 10-февралындагы аныктамасы көрсөтүлөт.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *