Текебаев менен Чотоновдун соттук иши 29-августта каралат

Мезгил

“Ата-Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүшөңкул Чотоновдун ишин кайра кароону Биринчи май райондук соту 29-августка белгиледи. Бул туурасында жактоочу Таалайкүл Токтакунова билдирди.

Анын маалыматында жактоочулар камактагы саясатчылардын бөгот чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, сотко кайрылышкан. Сот эми саясатчылардын бөгөт чарасын кароо менен башталат.

Ошондой эле, Жогорку сот 21-августта Текебаев менен Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайлар менен карап, мурдагы чечимдерди барын жокко чыгарган. Ал эми иш Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

Эске салсак, Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Леонид Маевскийден «пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан  кесилген.

Мезгил Ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *