Текебаевди «колобок» дешкени

    Мезгил

«Кактус медиа» сайты Өмүрбек Текебаевдин кийинки саясий кадамдары кандай боло тургандыгы тууралуу талдоочулардан пикир сурайт. Азамат Аттокуров: «Текебаев табышмактуу инсан. Ал колобок сыяктуу. Акаевден корккон эмес, Бакиевден корккон эмес, Атамбаевден корккон эмес, Жээнбеков андан коркуп калабы?» – деп орус эл жомогундагы колобоктун образына салыштырыптыр. (Шилтеме)

Чын эле туура айтылган сөз экен, туура салыштырыптыр. Бирок биз орустардыкы деп билген колобок жомогу байыркы түрк элинин эле жомогу экендигин билген киши барбы? Колобоктун кыргызча вариантында ал кемпир-чалдын аракети менен ундан жасалбайт. Уйдун жампасынан жасалат. Орус эл жомогунда тегерек нан колдон томолоп түшүп «Я от дедушки ушёл, я от башуки ушёл» деп качып жөнөйт. Аягында түлкү баатыр алдап жеп коёт. Ал эми кыргызча варианттагы жампадан жасалган “бир коло бок” да отко жагайын десе пайдасы тийбей качып жөнөйт. Тентип жүрсө элдер андан жийиркенишет. Элге жерге пайдасы жок тентимиш “бир коло бок” деген жомок ошондон улам айтылып калыптыр…

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *