Текебаевдин жактоочулары Жогорку Сотко кайрылышты

  Мезгил

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары соттун  жаңы ачылган жагдайларына  байланыштуу ишти  кайрадан  карап чыгуу боюнча Жогорку cотко кайрылышты.  Бул тууралуу  аталган партиядан  ММКга билдиришти.

  Саясатчынын жактоочусу буга чейин Башкы прокуратурага  жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кароону өтүнүп  кайрылышкан. Бирок бул тууралуу  башкы көзөмөл органы Жогорку сотко кайрылууну сунуштап, арызды кароодон  баш тарткан.

Эскерте кетсек, Жогорку сот  23-апрелде Текебаев менен Чотоновдун  ишин карап, алардын мүлкүн конфискациялоо боюнча бөлүгүн алып салып, калган өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *