Текебаевдин жактоочусу: Сопоковдун автоунаасы меники болчу

   Мезгил

Президент Эркин Сопоковду кызматынан бошоткон документке кол койгондон кийин аны Түркиядан чыгып кетти деген маалымат тараган. Бирок ал Стамбул шаарында, өлкөдөн чыгып кеткен эмес деген маалыматты ТИМдин консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев билдирди. Ошондой эле Саймаитини атып кеткен 3 жарандын ичинен 2 кишини, Хусейн Ахметалиев жана Абдулла Энвер Кыргызстандын жараны деген маалыматты МКК төгүндөдү. Кармалган учурда алардын жанынан тиешелүү документтери табылган эмес.

 Ал эми эң кызыктуусу Эркин Сопоковго тиешелүү делген Саймаити айдап жүрүшү мүмкүн делген автоунаа Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Канат Хасановго тиешелүү экен. Сопоков бир аз мурда Бишкекке келип кеткен, Айеркенди атып кеткен жерде табылган унаа өзүнө тиешелүү экендиги тууралуу Хасанов тастыктаган. Унааны Түркияда сатып берүү үчүн Сопоковдун атына каттаган болчубуз деп билдирген Хасанов. Бул тууралуу “24 kg” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Текебаевдин жактоочусу Канат Хасанов Сопоковду калкалап жатабы? Эмне үчүн ага тиешелүү унаага дипномер берилген? Эгер Сопоков унааны саткысы келсе Айеркенге байланышкан фирмага өткөрүп бергендигинин сыры эмнеде?

Булак: Мезгил ньюс 

    

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

One Comment on “Текебаевдин жактоочусу: Сопоковдун автоунаасы меники болчу”

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *