Телеоператор башкарган ЖТРК аймакта атааңдаштыктан аксап жатат

Мезгил

 Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын жетекчилигине 2017-жылы 30-ноябрда мурдагы телеоператор Союзбек Абрасулов директор болуп дайындалган. Соңку кезде көзөмөлдөн алыс жайгашкан аймактагы мамлекеттик телеканалдын жетекчилигинин ишиндеги чабалдыктан улам, телеканалдын ишмердүүлүгү боюнча маселе курчуп келет.

Бул тууралуу биздин сайтка өзүн атагысы келбеген ЖТРКнын кызматкери билдирди. “50дөн ашык кызматкер эмгектенген жамаат, ЖТРКны телеоператор эмес, журналистиканын чоо жайын талдап түшүнө билген, кесипкөй адис башкарса деген ниеттебиз. Бул жерде областтык саясат, айыл чарба, президенттибиздин жарлыктары, өкмөттүн программасы, кабыл алынган мыйзамдар боюнча калкка түшундүрүү иштери жургүзүлүш керек эле.

Бирок азыркы жетекчилик кесиби боюнча телеоператор болгондуктан, бул маселелерде аксап жатат. Анын кедергесин көбүнчө биз кызматкрелер тартып жатабыз. Маданият жана маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бул маселени карап чыкса жакшы болмок”, – деди ал. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, учурдагы облус башчысы Кыянбек Сатыбалдиев да бир жылдан бери Союзбек Абдрасуловду кызматтан алуу ниетин билдирип келет. Бирок облус башчысынын бул аракети азырынча жемишин бере элек.

ЖТРКнын эмгек жамааты Маданият жана маалымат, туризм министри Азамат Жаманкуловду бул багытта чечкиндүү кадамга барат деп үмүт артып турган чак. Анткени аймакта 7-канал, Чолпон ТВ өңдүү менчик телеканалдардын алдында 30 жылга жакын тарыхы бар ЖТРК атааңдаштык жарата албай жатканы маалым.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

2 Comments on “Телеоператор башкарган ЖТРК аймакта атааңдаштыктан аксап жатат”

  1. Профессия оператора считается одной из самых привлекательных в ряду творческих призваний. Чем больше развиваются кино и телевидение, тем больше внимания приковывают к себе люди, которые всегда стоят за кадром, но, тем не менее, видят все первыми. Быть причастным к миру кино и телевидения хотят многие. Но для того, чтобы стать оператором, недостаточно просто взять в руки камеру. В профессии видеооператора множество тонкостей и нюансов. Для того чтобы овладеть этим мастерством, нужно пройти серьезную творческую школу.

  2. Именно оператор воплощает на экране все то, что называется изображением и является сутью кино-видео фильма. Создание атмосферы, передача актерского мастерства зрителю, реализация стиля и жанра картины – это и есть работа и предмет творчества операторов. Лучшие их работы являются высочайшими достижениями кино на тв.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *