Темирбек Асанбеков: Шайлоодогу 9 пайыздык босого бизге оорчулук жаратпайт

Мезгил

“Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков шайлоодогу  9 пайыздык босого оорчулук жаратпайт тургандыгын массалык маалымат каражаттарынын биринде маек берип жатып билдирди.

   -Бүгүнкү күнү шайлоодогу 9 пайыздык босого оорчулук эмес.  Дин жагына умтулган адамдар мечитке адам үчүн барбайт, куран үчүн барат.  Биздин партиянын социалдык,  экономикалык абалын түшүнгөн адамдарга биздин эшигибиз ачык.  Эгерде коомдук кызыкчылыкка ынанган башка партиядагы, башка коомдогу адамдар болсо биз “Мекен Ынтымагы” партиясына кошуп алабыз деген демилге көтөргөнбүз. Мына ошол багытты коомдук кызыкчылыкта колдоп берсе, биз эртеңки күнү баары менен ушу идеанын негизинде аракет кылуудабыз.   Кээ бирлери келип эмитен келишимге келип жатышат.   9 пайыз боюнча жакында эле эсептеп келсек, эгерде 3 пайыздык боло турган болсо 30-40 миң добуш менен келген мамлекеттик кызыкчылыкты өзүнүн жеке кызыкчылыгына аттатып жибериши мүмкүн. Балким эстүү адамдар да келип калышы ыктымал.   Негизинен 5 же 7 пайыз болсо жакшы болмок, бирок  бул процесс 9 пайыз деп чечилип калды, өзгөрчүдөй эмес. Биз 9 пайыз менен элдин ишенимине жетүүгө аракет кылып жатабыз- дейт Асанбеков.  

Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл кабыл алынган шайлоо мыйзамындагы 9 пайыздык босого талкууга түштү. Айрым саясатчылар муну колдошсо, ал эми колдобогондор да бар.  

Эске салсак,  2020-жылы 4-октябрда  Кыргызстанда  парламенттик шайлоо өтөт. 

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *