Темир Сариев “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан да “ойт берип” шайлоого аттанбай калды (видео)

   Мезгил

Саясатчы Темир Сариев шайлоого катышпай тургандыгын айтты.  Ал мындай чечим кабыл алуу оңойго турбагандыгын фейсбуктагагы  баракчасына жарыялаган видеосунда айтылат.

 Белгилей кетсек, Темир Сариев буга чейин “Ата Мекен” партиясы менен бириккен. Ал эми көп өтпөй андан чыгып    күзүндө өтө турган шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын туусу астында барарын айткан.

Айрым маалыматтарга таянсак, “Бүтүн Кыргызстан” партиясында  тизме түзүүдө пикир келишпестиктер жаралганы айтылууда.   Мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов дагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына кошулган. Бирок ал дагы тизме чырынан улам партиядан чыга тургандыгы айтылды.

Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *