Шайлоо-2020: Темир Сариев шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен бармай болду

    Мезгил

“Ак шумкар” саясий партиясынын лидери Темир Сариев күздө өтүүчү парламенттик шайлоого “Бүтүн Кыргызстан” партиясы менен барат.  

Сариевдин айтымында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен принциптери, алдыга койгон максаттары дал келген.

Эске салсак, 5-июнда бир топ саясатчылар парламенттик шайлоого бирге баруу үчүн “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында “Жаңы дем” деген ураан менен стратегиялык өнөктөштүккө биригишкен. Алардын арасында “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев дагы бар эле.  Бирок август айынын башында Темир Сариев аталган өнөктөштүктөн чыгып кеткен. Себебин коомчулукка ачыктаган эмес.

 

 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *