Темирбек АСАНБЕКОВ, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Күзүндөгү шайлоодо өтө активдүүлүктү көрсөтөбүз”

Мезгил

–Темирбек мырза, 2010-жылдан бери ар шайлоого тынбай катышып келатасыз. Алдыдагы аламан жарышка кайрадан катышуу ниетиңизде барбы?

–Туура, 2010-жылы партияны түптөп, коомдук, саясый иштерге активдүүлүк көрсөтүп баштадык. Алгачкы кадамдар элге таанылуу, чыныгы мамлекет кызыкчылыгын коргоо багытындагы программалардын маанисин жеткирүү, ошол саясый багытты, туруктуулукту далилдөө болду. Албетте, бул сапаттарды убакыт гана далилдейт. Бирок, программа жарыялап коюш женил, ошол элге сунуштап жаткан маанилүү илимий иштерди аткара турган партиянын ишмерлерин даярдоо да өтө маанилүү. Ошондуктан, биз 10 жылдан өтө кылдаттык менен чыныгы саясый, экономикалык программаларды иш жүзүндө аткара ала турган саясый партия катары баардык шайлоолорго да ар дайым катышып, эптеп парламентке жетүү үчүн аткарылбас курулай убадалар менен элди алдабай, өзүбүздү чыныгы саясый партия катары көрсөтө алдык. Албетте, азыр колдоочуларыбыздын саны арбын. Күзүндө боло турган шайлоодо өтө активдүүлүктү көрсөтөбүз.

–“Жыгылган күрөшкө тойбойт” – деген макалды билесизби? Жеңишке жетпей турган болгон соң шайлоого кеткен каражатыңызды калктын аярлуу катмарына жардам катары берсеңиз болот беле? Кайра-кайра чыгып отуруп тажагандай деле болдуңуз го?

–Биз жеңдик! Улуттук кызыкчылыкты коргогон саясый, экономикалык, идеологиябызды саткан жокпуз. Элди алдап, эптеп парламентке жеткен партиялар эл ишениминен алыстап, жеңилишти. Анткени, чыныгы бийлик элдин ишеними жана сый-урматы. Коомдун аң сезимин көтөрүүгө, партиялаштарды билим тажрыйба берип, тарбиялоого кеткен каражаттар кыргыз эли үчүн өтө маанилүү салым. Жакында саясый пикирлештериме арналган китебим чыгат. “Акылы жок адам азап чегет” – дегендей элге жалган саясый партиялар материалдык жардам беримиш болуп, таптакыр күн карама, кемсинип, бирөөнүн колун карап, жардам күткөн элди тарбиялашты.

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *