Темирбек АСАНБЕКОВ, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Жакында атайын китебим жарык көрдү…”

Мезгил

Темирбек АСАНБЕКОВ, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери:

“Жакында атайын китебим жарык көрдү…”

Саясый партиялардын биригүү процессин кандай кабылдайсыз?

–Партиялардын идеологиясы, саясый, экономикалык, социалдык программалары окшош болуп, эңсеген улуттук жана мамлекеттик баалуулуктары бир багытта болсо, биригип иш алып баруусун туура саясый чечим деп кабыл алам. Эгерде, шайлоо алдында эптеп парламентке өтүү максатында биригишип, кийинчерээк ар кимиси өз алдынча чачырашса, бул өтө туура эмес саясый чечимдер. Андай терс көрүнүштөргө каршымын. Анткени, баарыбыз байкагандай, азыркы депутаттардан да сабатсыз адамдар Жогорку Кеңешке келишип, ич ара бири бирин сатып, чыккынчылык кылган, талаш-тартышка чалдыккан сапатсыз парламент түптөлөт.

Сизде же партияңызда башкалар менен биригүү ниети барбы?

–Адилет министрлигинен уюм катары катталып, өзүн коомго жар салса эле партия болуп калбайт. Чыныгы партия, программаларын шайлоо процесстерине активдүү катышып, элге сунуштап, убакыт ченемдүү саясый туруктуулугун далилдеп, мамлекеттик программаларын иш жүзүндө аткара ала турган партиялаштарын такшалтып, тажрыйба, билим берүү иштерин аткаруусу керек. Ошондо гана шайлоодо элге берген убадаларын татыктуу аткара алышат. Биз 2010-жылдан бери мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо багытындагы саясый уюштуруу иштерибизди талыкпай аткарып келе жатабыз. Азыркы күнү “Мекен Ынтымагы” саясый аброю таза, туруктуу, күчтүү социалдык экономикалык программасы бар сапаттуу түптөлгөн партия. Ошондуктан, биздин саясый сунуштарыбызды туура кабыл алып, биргелешип мамлекетибизди өнүктүрүүгө, “Мекен Ынтымагы” партиясынын желегин көтөрүүгө, даяр болгон жарандарыбызга, коомдук жана саясый уюмдарга партиябыздын эшиги ачык. Жакында саясый экономикалык сунуштарыбызды туура түшүндүрүү максатында атайын китебим жарык көрдү.

Мезгил ньюс

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *