Темирбек Асанбеков: Мыйзам бузууну Акаев өзү баштаган

   Мезгил

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын ЖМКга берген маегиндеги “Акаев мыйзамдуу экс-президент экендигин сот аркылуу жеңип ала алат” деген сөзүнүн тегерегинде  коомдогу көрүнүктүү өкүлдөргө суроо салдык. “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков мыйзам бузууну Аскар Акаев өзү баштаганын айтып, анын эч кандай президенттигин  кайтарып  алуу мүмкүнүлүгү жок экендигин айтты. 

– Токтайым Үмөталиева “Аскар Акаев сот аркылуу президенттигин кайтарып алса болот” деди. Буга сиздин пикириңиз?

– Кыргызстан мамлекети мыйзам чегинде жашаганыбызда, азыркы оор саясый кырдаалга такалып, кыргыз эли кыйналбайт эле. Мыйзам бузуу эрежесин Аскар Акаев өзү баштаган, ошондуктан мыйзамдуулуук маселесин көтөрүүгө моралдык укугу да жок.

– Демек, сиздин пикириңизде Акаев сот аркылуу президенттигин кайтарып алууга эч кандай мүмкүнчүлүгү жок тура?

– Ооба.

Булак: Мезгил ньюс 

Бөлүшкүлө

Share to Google Plus
Share to MyWorld
Share to Odnoklassniki

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *